Сапар Исаковдун тарапташтары саясий туткун деп эркиндикке чыгарууну талап кылышты

Мезгил

Кечээ 29-июлда, Нарындын Кочкор районунда камактагы мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун тарапкерлери митинг өткөрүштү. Исаковдун тарапташтары аны саясий туткун деп, эркиндикке чыгарууну талап кылышкан.

Маалыматтарга караганда, экс президент Алмазбек Атамбаевди колдогон КСДПнын билдирүүсүндө кочкорлуктардын 70%ы өткөн 2017-жылдагы президенттик шайлоодо Жээнбеков Исаков тандеми үчүн добуш беришкени белгиленген.

 Митингдин соңунда бийликке, президент Сооронбай Жээнбековго бир нече талап койгон резолюция кабыл алынган. Алардын катарында Сапар Исаковго саясий куугунтукту токтотуу, сотко жана укук коргоо органдарына кысым көрсөтпөө талабы коюлган. Митингдин катышуучулары сотторго кайрылып, Исаков менен чогуу отургандардын бөгөт чарасын өзгөртүүнү талап кылышкан.

Эске салсак, былтыр 2018-жылы Сапар Исаковду Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоодогу жана Улуттук тарых музейин оңдоп-түзөөдөгү коррупцияга тиешеси бар деп айып тагылган. Учурда Кылмыш иши боюнча соттук териштирүү уланууда.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *