Сапар Исаковдун туулган күнүн белгилейм десеңиз Эмен багына келиңиз

Мезгил

Кыргызстандын экс-премьер министри Сапар Исаковдун туулган күнүн   анын  тарапташтары Бишкектеги  Эмен багында белгилешет. Бул тууралуу жарыяны анын колдоочулары  социалдык түйүнүндөргө   жарыялашты.

Алар 29-июль күнү Сапар Исаковду туулган күнү менен куттуктап, калоо-тилек айткысы келгендерди Эмен багына чакырышат. Иш-чара саат 12.00дө 18.00гө чейин болот.

 Эске салсак, Сапар Исаковго 29-май күнү “коррупция” беренеси менен айып  тагылган. Бир нече жолу суракка чакырылгандан кийин ал 2 айга камакка алынган. Бишкектин Биринчи Май райондук соту Исаковдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, УКМКнын СИЗОсуна тергөө бүткөнгө чейин камоо чечимин кабыл алган.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *