Сапар Исаковдун жактоочуларынын өтүнүчү менен соттук отурум башталды

Мезгил

Бишкек шаардык сотунда мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун жактоочуларынын өтүнүчү боюнча соттук отурум башталды.

Соттук жараян адвокаттардын катышуусу менен жабык тартипте өтүп жатат.Анткени, Сапар Исаковдун жактоочулары алар коргоп жаткан адамдын катышуусу менен соттук курулуш экспертизасын дагы бир ирет өткөрүүгө өтүнүч келтирген.

Себеби, жактоочу Нурбек Токтакунов келтирилген далилдерди мыйзамсыз жана негизсиз деп эсептейт. Буга чейин Свердлов райондук соту адвокаттардын аталган корутундуну далилдердин катарынан алып салуу боюнча өтүнүчүн канааттандырган эмес. Андан кийин жактоочулар ал чечим боюнча Бишкек шаардык сотуна кайрылышкан. Бул тууралуу Сапар Исаковдун адвокаты Замир Жоошев тергөөчү экспертиза дайындоо жөнүндө токтом чыгарганда аны менен айыпталуучу тарап, анын жактоочуларын тааныштырыш керек деп кошумчалайт.

– Качан тергөөчү экспертиза дайындоо жөнүндө токтом чыгарганда аны менен айыпталуучу тарап, анын жактоочуларын тааныштырыш керек. Айыпталуучу тарап өздөрүнүн суроолорун кошо алат, эксперттик топко ишенбестик көргөзө алат же өзүнүн эксперттерин кошо алат. Тергөөчү экспертиза өтүп, корутунду даяр болгондо тааныштырып жатпайбы-деди Жоошев

Ал эми Свердлов райондук соту 6-март күнү Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупция боюнча айыпталып жаткан сегиз адамдын соттук иши белгисиз мөөнөткө жылдырган. Буга адвокаттардын «ЖЭБди модернизациялоодо мамлекет 111 миллион доллар зыян тарткан» деген экспертизанын корутундусу боюнча Бишкек шаардык сотуна даттануусу себеп болгон.

Буга чейин УКМК тергөө учурунда Сапар Исаков баштаган бир катар кызмат адамдары өздөрүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын пайдалануу менен мурдатан билип туруп Кытайдын ТВЕА компаниясы менен пайдасыз келишим түзүп, мамлекетке 111 миллион 252 миң 797 доллар зыян келтиргени аныкталганын билдирген.

Аталган ишти Башкы прокуратура айыптоо корутундусун бекитип, 13-февралда сотко өткөрүп берген. Анда Сапар Исаков баш болгон жети кишиге айып коюлган.

Алар, мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов, ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов жана мурдагы финансы министри Ольга Лаврова.

Бишкек ЖЭБинин айланасында мындан сырткары дагы төрт кылмыш иши бар. Анын бири боюнча райондук соттун чечими чыккан

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *