Маркум Уландын жубайы: Акыркы жолу «Эми бир жолу сууга түшүп келейин” деп жылмайган бойдон Көл тарапка кеткенсиң…

Мезгил

Азаттыктын иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаевдин көзү өткөнүнө бүгүн  бир жыл толоду. Эгизбаевдин жубайы Сапаргүл Абдинабиева фесбуктагы баракчасы аркылуу эскерүү жазды. 

– Ысык-Көлгө барып эс алып келели,- деди курбу кызым.
– Жок,- деп шашыла жооп узаттым…
Бир кезде сагына, кусалана барган Колум бүгүн мага огой да, чоочун да сыяктуусун. Кечире алсаң кечир мени, мен да сени кечирген күнү сага барам. Акыркы жолу «Эми бир жолу сууга түшүп келейин, анан балык жегени баралы»,- деп, жылмайган бойдон Көл тарапка кеткенсиң… Күткөн бойдон калгам… 
Андан бери азаптуу бир жыл өттү.. Карылуу, эмгекчил колдорун менен жетелеп кетчүдөй күткөн, ишенбеген, кабыл албаган, сагынычка толгон бул жыл- өмүрүмдүн эң оор жылы болду…

Белек талпынып, кадам таштаганга аз калды. Карангы күндөргө кооз боек берип, сеникине окшош курч карашы менен татыктуу жашашым керек экенин күн сайын эстетип, үмүт берип, кадимкидей чыйралтып турат. Дагы бир жүрөгүмдү жылыткан нерсе, ЭЛин сени текши сүйөт, урматтайт. Ошон үчүн дагы арабызда түбөлүк жашай бересин, Улан!” деп жазды жубайы. 

Эске салсак, Улан Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда Ысык-Көлдө көз жумган. Ички иштер министрлиги соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, журналист сууга чөгүп каза болгонун жарыялаган.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *