Сапаты начар курулуш материалдары рак оорусун пайда кылабы?

Мезгил. 

Депутат Махабат Мавлянова акыркы мезгилдердеги курулуш материалдары адамдардын ден-соолугуна зыян алып келип рак, аллергия, сасык тумоо өндүү ооруларга себеп болуп жаткандыгын айтты. Ал мындай пикирин “Парламент” радиосундагы маегинде билдирди.

“Калктын саламаттыгы бааарынан маанилүү. Курулуш материалдарын текшерип, пайдаланууга берүүдө тыкыр текшерилиши зарыл”, – деди депутат.

Ал эми Мамлекеттик экотехинспекциясынын өкүлү Таалайбек Ашырбаев: “Ар бир курулуш иштери башталаарда биз текшерүүдөн өткөрөбүз. Бирок, курулуш материалдарынын сапатына биздин орган жооп бербесе да,  өрт коопсуздугунун сакталышын катуу талап кылабыз”, –  деп маалымдады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Азис Бейшекеевдин айтымында, акыркы учурларда  өрт кырсыктары  өрт коопсуздугунун сакталбашынан улам келип чыгууда. Бүгүнкү күндө өлкөнүн бардык аймактарында өрт коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

“Статистикага көз салсак, быйыл өрт кырсыктарынын көрсөткүчү былтыркыга салыштырмалуу жогору. Тактай келгенде, “2017-жылы 2788 өрт кырсыгы катталса, быйыл  өрт кырсыгы 2962 ирет чыккан”  – деди ал.

Булак: Мезгил Ньюс

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *