Сауд Арабия Кыргызстанга ажылык сапарга кошумча 500 квота бөлдү

Мезгил

Сауд Арабия ажылык сапарга Кыргызстанга кошумча 500 квота бөлдү. Бул тууралуу муфтият маалымдайт.

 Маалым болгондой, квота Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармасынын суранычы менен жүзөгө ашырылып, квота улуттук статистика комитетинин берген маалыматынын негизинде калктын санына жараша район, айыл өкмөт деңгээлине чейин 2019-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штаб тарабынан бөлүштүрүлдү.

Алар бүгүн кечке чейин калькуляцияда көрсөтүлгөн 3 миң доллардан калган 2 миң 500 долларын төлөөлөрү зарыл. Ошондой эле муфтият жаңы кошулган зыяратчыларга кийим тигип жетишпестигин бирок эмдөөдөн өтүшөөрун кошумчалады.

 Эскерте кетсек, буга чейин Сауд Араб Падышачылыгы Кыргызстанга 5 миң 510 квота бөлгөн. Эми жалпы келген квотанын саны 6 миң 10ду түздү.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *