Мезгил
Сауд Арабиядагы этнофестивалда Кыргызстан үчүн атайын шаарча курулду.
Бул тууралуу Дүйнөлүк этно оюндар конфедерациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шаарчада боз үйлөр тигилип, кыргыздардын улуттук маданияты тарутууланып, коноктордун суктануусун жаратууда.
Сауд Арабиянын эсебинен 6 учактар менен декорациялар, аргымактар жана делегация мүчөлөрү жөнөтүлдү.
Учурда дагы 4 жүк ташуучу лайнерлер даярдалып жатат.
Эске салсак, этнофестиваль 9-мартта ачылып, ага 90дон ашуун мамлекеттер катышууда.
Кыргызстан атайын чакыруу менен көк-бөрү боюнча оюн тартуулайт.