Сауд Аравияда аялдарга көбүрөөк укук берилген мыйзамдар күчүнө кирди

Мезгил

Сауд Аравияда эми аялдарга баласын каттатуу, ажырашуу же никеге туруу тууралуу документтерди тапшырууга жана алууга уруксат бериле баштайт. Бул тууралуу “Рейтер” агентиги жазып чыкты.

Маалыматка караганда, көбүрөөк укук берген анын ичинде эркек тууганынан уруксат сурабай саякаттоого уруксат берген эрежелер күчүнө кирген. Падышалыктын апталык басылмасына жарыяланган жарлыкта өлкө жарандарынын баарына чет элдик паспорт берүү каралган. 

Сауд Арабия шарият эрежелери менен башкарылган, аялдардын укугун чектеген консервативдүү мамлекет. Кыз-келиндерге эркек тууганынын уруксаты жок иштөөгө тыюу салынган.

Буга чейин, 2018-жылдын июнь айына чейин кыз-келиндерге машина айдоого уруксат берилген эмес. Ал эми 2017-жылга чейин эркек жакынынын уруксаты жок саламаттык сактоо, билим берүү мекемелеринин кызматынан пайдаланууга жана сот иштеринде өз кызыкчылыгын коргоого укугу жок болгон.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *