Сауд фонду элет жергесин таза суу менен камсыз кылууга 20 млн долар насыя берүүгө даяр

   Мезгил

Сауд фонду элет жергесин таза суу менен камсыз кылуу долбоорунун алкагында 20 млн долар насыя берүүгө даяр.

Таза суу менен камсыздоо департаментинин директору Аскарбек Токтошевдин айтымында, келишимге ылайык, Баткен жана Талас облустарынын айылдарын таза суу менен камсыз кылуу максатында 20 млн доллар көлөмүндө жеӊилдетилген насыя берүүгө даяр. Насыя 30 жылдык мөөнөткө 1 пайыз үстөгү менен берилмекчи.

«Эгерде долбоор ишке ашырылса, эки облустун 146 миӊ адам жашаган 135 айыл таза суу менен камсыз болот. Ал үчүн кыргыз тарап да 10 млн доллар өлчөмүндө каражат кошууга тийиш. Бул долбоор ратификацияланар замат башталып, анын  аткаруу мөөнөтү – 4,5 жыл», – деди ал.  

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *