Саясаттан сырткары. ЖКтин депутаты Айнура Осмонова суук сөздөн кантип сактанат?

    Мезгил

  Адам болуп жашоого жаралган соң, тагдыр сага ар кандай нерселерди тартуулайт эмеспи.  Бирде турмуш урутубузга жылмаюу тартууласа, бирде өксүтүп ыйлатат. Биз бүгүн кыргыз элине таанымал инсандарга  ар кыл багытта саясаттан тышкары суроо салдык.  Алардын жообу төмөндө. 

 – Суук көздөн,  суук сөздөн кантип сактанасыз?

         –Сурооңуз жеңил сезилгени менен жооп бергенге келгенде бир топ ойго салат экен. Ошентсе да, жооп берүүгө аракеттенейин. Курандын сүрөө, аяттарын окуп, бата тилеп жатканда «Бөөдө кырсыктан, курулай дооматтан, бейажал өлүмдөн, жаман көздөн, жаман сөздөн сакта.  Оо, жараткан Аллах…» – деп тиленем. Алла Тааладан бата тилеп, сурануу суук көз, суук сөздөн сактайт деп ишенем. Бала чагымдан бери китепке кызыгып, китеп көп окуганымдан, адам баласынын психологиясы, типологиясы, аурасы, энергиясы жана анын өзгөчөлүктөрү, дүйнө таанымы (мировоззрение) жана башка мени кызыктырган маалыматтарды алып турам. Чоң энем, апамдар аткарган салтты улап, кадимки эле кыргыз аялдарындай, кез – кезде тоонун, жагымдуу арчасы болуп калган учурда үйүмдү ысырыктап (аластап) коем.  Тоонун арчасынын жагымдуу жыты, кадимкидей үйдүн ичин тазалап, жашоочуларына жагымдуу маанай тартуулаганы мага жагат.

         А, чынында биринчиден “суук сөздөн” өзүң алыс болушуң шарт, башка бирөө атайын кара санатайлык менен мен жөнүндө сөз таркатса, ал адам бирөө, мени андан башка көптөгөн адамдар кандай экенимди билет деп, көңүл бурбаганга аракет жасайм. Өзүм башка адамдарга субъективдүү баа бербейм,  андай нерсеге убактымды да коротпойм. Колумдан келишинче жакшы, туура сөзүмдү аябайм. “Жакшы сөз – жарым ырыс” деп айтабыз го, ошол сыңары, жакшы сөздү бири бирибизден аябай, жакындарыбызга, айланадагы адамдарга, жалпы элге жакшы сөз айтып, жаркын келечекке, жакшы жашоого чакырсак, үндөсөк, жакшы ниет да жакшылыкка жетелейт.

–Аялдын душманы аялзаты дегенге кошуласызбы?

         ­–Аялдар негизинен боорукер жана мээримдүү калк келишет. Ошону үчүн да баланы алпештеп багуу, аны тарбиялоо менен жарык дүйнөгө алып келүү сыяктуу түйшүк аялзатына ыйгарылса керек. Аялдар гана жабыркап турган жандын аялуу жан дүйнөсүн сезип, колунан келишинче бооруна тартып жардамын аябайт деп ойлойм. Мен үчүн “душман” деген сөз жагымсыз. Бирок, жашоодо кээ бир аялдардын бири – бирине болгон жаман мамилелерине күбө болгон учурларым бар. Мындай учурда ар бир адамдын өзүнүн дүйнө таанымына жараша кандайдыр бир көрүнүшкө жеке көз карашы болот. Бирөөсү жакшы көрсө, башкасы жаман көрөт. Ал эми, жеке мага туура эмес мамиле жасаган учурларды байкасам, Кудай таалам ал кишиге сабырдуулук берип, ыйман берсин деп коёмун. “Ал мага ушундай жамандык жасады, мен да ага жамандык менен жооп берейин” деген адатым жок. Негизи эле, колумдан келген жакшылыгымды эч кимден аябайм. Раматылык апамдын тарбиясы ушундай эле, “Бирөөгө теңелбе. Жамандык кылса да, сен ага жакшылык кылгының.  Жараткан Аллаx өзү баарына тараза”, – деп дайым айтат болчу.

 

Булак: Мезгил ньюс

 

 

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *