Саясий негизде соттолгондорду актоо керек

Мезгил

Саясий негизде соттолгондорду актоо керек.  Бул тууралуу “Саясий туткундарды коргоо комитетитинин”  мүчөсү, укук коргоочу Сапарбек Аргынбаев билдирди.

Укук коргоочунун айтымында аталган уюм “саясий негизде соттолгондорду актоо керек” деген талап менен 12-мартта жыйын өткөрүп коомчулукка жана бийликке кайрылуу жасашат.

Ошондой эле “Саясий туткундарды коргоо комитети” саясий туткун катары таанылып, учурда абакта жаткандарды эркиндикке чыгаруу боюнча жана катар абактан чыккандарды мыйзамдуу түрдө актоо маселесин көтөрөт.

– Себеби алардын көпчүлүгү мурдагы бийлик учурунда мыйзамсыз түрдө соттолушкан. Дал ушундай талап менен коомго жана бийликке кайрылалы деп жатабыз,-деди Аргынбаев.

Буга чейин дагы саясий куугунтукту токтотуу талабы менен саясий ишмерлер, жарандык активисттер катышкан жарандык форум өткөн. Анда саясий куугунтукту токтотуу тууралуу талаптар айтылган. Комитет ушу тапта саясий негизде куугунтукталган деп эсептелген жарандардын саны 30га чукул деп эсептеп жатат.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *