Сегизбаев: Атамбаевдин жанында болом

Мезгил

Абдил Сегизбаев мурунку мамлекеттин башчысы Алмазбек Атамбаевди колдоо үчүн Кой Таш айылына келди.

Ал кызматтан кеткенден бери эч кандай саясий иш –чараларга катыша электигин жана бүгүн А.Атамбаевдин абалын сурап жанында колдоп туруш үчүн келгендигин билдирди.

-Экс президентке карата иштер токтомоюнча А.Атамбаевдин жанында болуп Кой Таштан кетпейм – деди Сегизбаев.

Бүгүн маалым болгондой  мурдагы президентти коргоп жүргөн бир нече адам кызматынан алынып, Улуттук коосуздук комитетинин кызматкерлери мындан ары А.Атамбаевдин жанында болушат.

27-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Атамбаевдин кол тийбестигинен ажыратылган. Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратууга 103 «макул», алтоо «каршы» добуш берген.

Мурдагы мамлекет башчыга «Кой-Таштагы үйүнүн жерин мыйзамсыз алган, кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотууну уюштурган, «мыйзамсыз баюу», Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупцияга аралашкан, Бишкек ЖЭБине көмүр ташыган ишкананын кызыкчылыгын коргогон» деген деген беш доомат коюлуп жатат.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *