Сегизбаев дубалдан секирем деп табарсыгын жарып алганбы?

Мезгил

Атамбаевдин «Кой-Таш Элдик Республикасын» түптөйбүз дегендердин бири, кайниси Абдил Сегизбаев 7-августтагы окуяда жарат алгандыгы тууралуу маалымат тараган. Айрымдар анын бутуна ок тийген десе, айрым ЖМК өкүлдөрү «табарсыгы жарылган» деп жазып чыгышты. Бүгүн Атамбаев темасына байланыштуу өткөрүлгөн маалымат жыйынында Орозбек Опумбаев бул талашка биротоло чекит койгондой болду.

Абдилди эч ким атпаганын билдирген Орозбек Найманович: «Аны эч ким аткан эмес. Качып баратып бутун бир жерге урунтуп алып, көгөрүп калышы мүмкүн. Ал өзүн жарадар адамдай көрсөткүсү келип жатса керек» – деди.

Ушул баланын багы жок экен. Аскар Акаевдин убагында ага маалымат катчы болуп, чиркин киши качып кеткенче этегин кармап Ак үйдө олтура берген. Акаев качып кеткенде Ак үйгө кирген эл Сегизбаевди сууруп чыгып, катыгын берген, таяк менен камырдай ийлешкен. Анда бул жигит «табарсыгым жарылды» деп ооруканага кайрылган эмес. Ошондо башына элдин союлу тийген Абдилге «Эми эл топтолгон жерге жолобой жүр, балам сен элдин жүгүн, түйшгүн көтөрө албайт экенсиң» деп кеңеш берген экен бир көзү ачык.

Баса бүгүн суракка барчу Сегизбаев ушул мезгилге чейин бара элек экен. Кара басып Шадиев, Табалдыев, Шайыковаларчасынан Чу суусун аттап же «Манастан» учактын шассисине жабышып качып кетпесе эле болду.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *