Сейит Атамбаевдин кайнатасынын үйүнөн акчалар жана тизме табылды

   Мезгил

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин  баласы  Сейит Атамбаевдин кайын атасынын үйүнөн сумканын ичиндеги акчалар жана тизме табылды. Бул тууралуу   Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык,  тинтүүнүн жүрүшүндө  табылган сумкада 170 миң сом жана бир нече барактан турган адамдардын тизмеси, калк жашаган пунктар, телефон номерлери, жана чыгымдарга кеткен жалпы суммасы 2 млн. 225 миң сомдук жана 318 миң АКШ доллары суммасындагы чыгашанын тизмеси бар. Алдын ала маалыматтар боюнча, бул каражаттар митингдерди каржылоого коротулган.

Белгилей кетсек, 7-8-августта Кой-Ташта Атамбаевди кармоо атайын операциясындагы окуяларга байланыштуу сотко чейинки өндүрүш ишинде 9-августка караган түнү соттун чечими менен Сейитбек Атамбаевдин кайнатасынын үйү тинтүүгө алынган.

Эске салсак, буга чейин Сейит Атамбаев  Кой-Таш айылында болгон окуялар боюнча ИИМге сурак берген.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *