Сентябрь айына чейин жарандар бардык салыктарын төлөшү керек

Мезгил

 Жайдын акырына чейин жарандар бардык салыктарын төлөшү керек.  Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан  билдиришти.   

 Мамлекеттик салык кызматы бир катар салыктарды төлөөнүн мөөнөттөрү жакындап калгандыгын эскертет.

1-сентябрга чейин транспортко, 2-сентябрга чейин – турак жайга, батирге жана жер салыгын төлөө зарыл. Салыктарды өз убагында төлөбөгөн учурда жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга – 5000 сом өлчөмүндө административдик айып салынаары каралган.

Белгилей кетсек быйылкы жылдан тартып мүлккө маалыматтык эсеп толтуруп, салык органдарына тапшыруу зарылдыгы жоюлду. Мүлктүн менчик ээлери өздөрүнүн мүлктөрү тууралуу маалыматты юридикалык жактар 1-мартка чейин, жеке жактар – 1-апрелге чейин жыл сайын тапшыруучу Бирдиктүү салык декларациясында гана көрсөтүшөт.

Бул маселелер боюнча кенен маалыматты салык органдарынан, ошондой эле 1240 номерине телефон чалып же www.sti.gov.kg сайтынан алсаңар болот.

 Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *