Серепчилер кеп айтат: Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен реалдуу эмгек акы эң аз өлкө

Мезгил

Экономика жогорку мектебинин коомдук саясат институтунун эксперттери, Кыргызстанды ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен реалдуу эмгек акы эң аз өлкө деп таапты.

Институттун серепчилеринин маалыматына таянсак, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында реалдуу эмгек акынын көлөмү боюнча Орусия 670.9 долларлык көрсөткүч менен биринчи орунда турат. Ал эми 459.1 доллар менен Казакстан экинчи орунда. 421.9 доллар менен үчүнчү орунда Белоруссия турса, Кыргызстан 216,3 доллардык көрсөткүч менен реалдуу эмгек акы эң төмөн өлкө деп аталган.

 Сатып алуу жөндөмү боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында жогорку маяна берген өлкө катары Беларусия биринчиликте турат. Ал 1 миң 648.3 долларды түзөт. Бир жылда көрсөткүч 131,3 долларга өскөн. Ал эми Кыргызстан бул багытта $ 711,1 долларлык көрсөткүч менен 2016-жылга салыштырмалуу 5.9 долларга төмөндөгөн.

Коңшу Тажикстан өлкөсүнүн реалдуу эмгек акысы 137 долларды түзсө, сатып алуу жөндөмү 479 долларды түзүп, эң төмөнкү көрсөткүчтө турат.

Ал эми Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин мамлекет аралык статистикалык комитетинин маалыматына ылайык, ЕАЭБдеги өлкөлөрүнүн ичинен жумушсуздуктун деңгээли Кыргызстанда эң жогору. Комитеттин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 59,3 миң жумушсуз каттоого туруп, жумушсуздуктун деңгээли 2,4%ды түзөт.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *