Ш.Токтосунов: Садыр Жапаровго көрсөткөн кордукту ушул адамдарга көрсөтүшсүнчү, эмне дешер экен?

Мезгил

Садыр Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов соттор акыйкат чечим кабыл алып жатат, аларга карата басым жасап нааразычылык акцияларын өткөрбөө керек деген саясатчыларга Кудайды карап кошомат кылуу керек деген пикирин билдирет.

-Кээ бир саясатчылар бүгүн соттор акыйкат чечим кабыл алып жатат, сотторго басым жасап митинг өткөрбө керек дешет. Макул. Алар айткандай болсун.  Бирок, карапайым калктын укугун бузуп жаткандарга ким чара көрөт.

Мен соттордун мыйзам бузганын видео тасма менен далил менен көрсөтүп, Президентке, Соттор кенешинин тартип комиссиясына кайрылдым.

Жабырлануучу Каптагаев Эмилбек Саламатович Бишкек шаардык сотунда Садыр Жапаровтун иши боюнча төрагалык кылган Жаныл Мамбеталынын мыйзам бузган аракеттерине даттанды. Жыйынтыгында тартип комиссиясы “Жаныл Мамбеталынын мыйзам бузгандыгы аныкталды” деп ага алдын ала эскертүү берип жатса, аны Жогорку сотко судья кылып чонойтушту.

Ал эми Жогорку сотто Садыр Жапаровтун иши боюнча төрагалык кылган Кеӊешбек Токтомамбетовтун мыйзам бузган фактысын видео менен , фактылар менен далилдеп берсем аны соттордун эӊ жогорку органы болгон Соттор кеӊешине мүчө кылып дайындашты. Анан  ушундай соттор адилет чечим чыгарабы? Акыйкаттын таразасын ташы жок тарткан соттор үчүн карапайым калк дагы канча жабыр тартышы керек?  Карыганда да жөнү менен жакшы карыш керек. Биз жөнү жок мактай берип Кыргызстанды ушул абалга алып келдик.

Бүгүн соттордун таламын талашып жаткан саясатчылар, “Мыйзам бузган сотторду жазалаш керек” деп, эмне үчүн элдин таламын талашпайт!

Эл жыргаганынан көчөгө чыгып жатабы? Митинг бул акыйкатты табалбай айла кеткендин иши. Кудай сактасын, бирок, Садыр Жапаровго көрсөткөн кордукту ушул адамдарга көрсөтүшсүнчү  эмне дешер экен? Ошон үчүн жөнү жок кошоматчылыкты коюп, кудайга карап акыйкатты да айтыш керек – деди Садыр Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *