Шадиевдин мандаты алынды. Анын ордуна жаңы депутат келди

Мезгил

Борбордук шайлоо комиссиясы парламент депутаты Аскарбек Шадиевдин мандатын алды. Булл тууралуу аталган жайдан билдиришти.

 Маалым болгондой бүгүн, 2-ноябрда БШК Шадиевдин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурун токтотуу чечимин кабыл алды.

Анын мандаты партиялык тизме менен Эрмамат Тагаевге берилди. Ага күбөлүк жана төш белгиси тапшырылды.

Белгилей кетсек, Башкы прокуратура Аскарбек Шадиевге карата ачылган кылмыш иши сотко өткөрүлгөнүн кабарлаган.

Эске салсак, Аскарбек Шадиевге кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып тагылууда. Тергөөнүн версиясы боюнча, эл аралык иштер боюнча парламенттик комитеттин башчысы болуп турганда, 30 миң доллар кайда кеткендиги тууралуу туура эмес маалымат берген.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *