Шаикова УКМКнын шайын оодарып…

   Мезгил

УКМК буга чейин Мамлекеттик каттоо кызматынын экс-төрайымы Алина Шаиковага 5-августта издөө жарыялаган болчу. Бирок андан бери жыйырма күндөн ашуун убакыт өтсө дагы аталган орган  бул боюнча эч кандай үн ката элек. Сыягы ушул күнгө чейин аны таба албай жаткандарына караганда  Шаикова УКМКнын шайын оодарып  жатканго. 

Белгилей  кетсек, ал мамкаттоо кызматы,  “Инфоком” Мамлекеттик ишканасынын, Финансы министрлигинин Мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн кызматкерлерине жана башка адамдарга карата жаңы үлгүдөгү паспортторду даярдоодо коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш-ишинин фигуранттарынын бири катары чакырылган. Ал эми экс-чиновник суракка келген эмес.

Буга байланыштуу Башы Прокуратура А.Шаиковага карата Кылмыш-жаза кодексинин 319-Коррупция беренеси боюнча кылмышка шектүү деп, Жазык-процесстик кодексинин 239-беренесине ылайык Алина Шаиковага издөө жарыялаган.  Аны ишке ашыруу УКМКнын ыкчам бөлүмүнө тапшырылган болчу.  

Ал эми буга чейин “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын жана каттоо кызматынын башка мурдагы кызматкерлери кармалып, үй камагына чыгарылган.

Булак: Мезгил ньюс 

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *