Шайлоо: Кадыры барлар капчыгы калыңдарды жеңеби?

Мезгил

Азыр эмне гана калды сатылбай. Баары сатылып, бир гана кантип акча табуунун амалын ойлоп калган заманда урмат менен гана сый калгансыды сатылбай.

Айталы дегенибиз кара башыл адам сатып, ал турсун адамдык сапатты сатып, алдамчылык жолго барып калганыбыздан өлкөбүз өсө албай, кыйын кырдаалга келип такалып, элибиз чет эле кете баштаганы да кандайдыр бир кыйын кырдаалды түзгөндөн белги бергенсийт.Ооба, кыйын деген кыраандар дагы тил менен сылап сүйлөп, шайлоонун алдында эмне деген гана убадаларды беришпеди. Эми ошол берилген убадалар жетим калып, элдин ишеними кайтып, көңүл кирдеп турган учур.

Буга мисал келтирсек, Бакыт Төрөбаевдин эле партиясынын берген убадасын эске алсак “жарык шаар долборун алып чыгабыз, биз шайлансак шаарыбыз жаңы конуштардан бери көчөлөрүн жарыктандырып, техниканын түрү менен камсыз кылып салабыз” деп уккан кулакты кубанткан убудалары али да эстен кете элек. Ал эми “Республика – Атажурт партиясы “светтин баасын арзандата салабыз” дегени да көпчүлүктүн көңүлүнө жаккан болучу. Бирок мындай убадалар ар бир шайлоо болгон сайын берилет, бирок иш жүзүндө аткарылганы саналуу гана. Бирок, азыртан шайлоого даярдык көрүлүп, Бакыт Төрөөбаев өңдүү мансаптын фанаттары шайлоонун башка жолун парламентке сунуштап жатканы да бар. “Партиялык тизме менен эмес, аймактардан ким канча добуш алса, ошого жараша депуттык орунга татыйт” деген сунушту айткансыды. Бул эми “ким урмат сыйга татыса, ошого жараша сыйга татыктуу” дегенди билгизгенсиди. Шайлоого жакындаган сайын дагы баягы эле жүздөр, баягы эле акчалуулар, кыскасы баягылар эле депутат болуп келээри азыртан ойлонушуп жатканы кулак кагыш болууда.

Кыскасы,  шайлоонун шайтан оюндары дагы эмнени гана ойлоп тапканга жөндөмдүү экенин аны убакыт көргөзөт, күтө туралы.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *