Мезгил
Жергиликтүү шайлоолордо үгүт кампаниясын баштоо мөөнөтү ар кандай. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.
Маалым болгондой, шаардык кеңеш депутаттары 12-марттан тарта үгүт жүргүзсө, ал эми айылдык кеңештерде агитация 22-мартта башталат. Ага чейин бардык талапкерлер каттоодон өтүүгө тийиш.
Белгилеп кетсек, айрым себептер менен талапкерлер каттоодон өтпөй калса, күрөө акысы кайтарылат. Эске салсак, 448 жергиликтүү кеңешке шайлоолор 11-апрелде өтөт.