Мезгил
Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов коомчулуктун көңүл борборунда болгонду жакшы көрөт окшобойбу. Дегенибиз буга чейин ал короновирустан сактанып маска кийип түшкөн сүрөтүн жүктөп интернет колдонуучулардын тепкисинде калган.
Ал эми кечээ Бишкектеги Ош базарына барып, манты жеген сүрөтүн интернеттеги баракчасына жүктөп кайрадан коомчулуктын кыжырын келтирди. Сыягы шайлоонун шайтан оюндары башталган өңдөнөт. Сулаймановдун бул кылыгы элге жакын болумуш болгон түр көрсөткүсү келгени го…
Булак: Мезгил ньюс