Шарабидин Токтосунов: Жапаровдун иши жаңы жагдай менен каралып, акталууга тийиш

Мезгил

Садыр Жапаровдун бир дагы күнөөсү далилденген эмес. Ошондуктан иш жаңы жагдай менен каралып, Жапаров акталууга тийиш. Бул тууралуу “Бийлик өкүлүн барымтага алуу” беренеси менен абакта жаткан Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты Садыр Жапаровдун жактоочусу билдирди.

Анын айтымында, жактоочулар Бишкек шаардык прокуратурасына Садыр Жапаровдун иши боюнча жаңы ачылган жагдайларды кароону өтүнүп кайрылган.  Азыр иш прокуратуранын кароосунда. Ишти кароону алар 26-ноябрга чейин узартышкан.

-Жаңы ачылган жагдайлар боюнча биз Бишкек шаардык прокуратурасына кайрылганбыз, ал бизге 26-ноябрга чейин жооп бериши керек.

Садыр Жапаровдун бир дагы күнөөсү далилденген эмес. Ошондуктан иш жаңы жагдай менен каралып, Жапаров акталууга тийиш-деди Шарабидин Токтосунов.

Жактоочу Садыр Жапаров мунапыс аркылуу бошотулушу мүмкүн эместигин, анткени, саясатчыга Садыр Жапаровдун жүзү менен сүрү майтарылбашы керек эле…

карата коюлган берене жаңы мыйзамга туура келбестигин айтат. Ал эми Садыр Жапаров өзүн күнөөлүү деп эсептебейт, ошондуктан ырайым сурап арыз жазбайт деп кошумчалайт.

– Эгер президент же Жогорку Кеңеш атайын атын атоо менен эле кандайдыр мыйзамдык негизде мунапыс жарыялабаса, Садыр Жапаровдун беренеси да жаңы мыйзамга туура келбейт.

Ал эми ырайым суроого Жапаров өзү “мен күнөөлүүмүн, кечирим сурайм” деп арыз жазышы керек да. Жапаров айыптуу болбогондон кийин эч качан андай арыз жазбайт, ал күнөөсүн моюнуна албайт.

Кылмыш ишин кароодо негизи анын күнөөсү далилденген деле эмес. Ошондуктан биз ишти кайра кароо аркылуу гана аны актоого жетишебиз деп ойлойм -деди Шарабидин Токтосунов.

Садыр Жапаров Кылмыш-жаза кодексинин 227-беренеси  менен күнөөлөнүп, 11 жыл, 6 айга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кесилген. 

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *