Мезгил.
26-сентябрда “Акжол-автоунаа жолу” көзөмөл-өткөрүү пунктунун чегарачылары кыргыз жаранын кармашкан. Ал Казакстанга автоунаанын орундугунун алдына жашынып өтүп кетүүгө аракеттенген.
Бул тууралуу Мамлекеттик чегара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, текшерүү маалында 33 жаштагы жаран шарттуу түрдө кесилгени жана ага өлкө аймагынан чыгууга тыюу салынганы белгилүү болгон. Ал Р.Ш. аттуу таксист менен сүйлөшүп, акча сунуштап, Казакстанга жеткирүүгө макулдаткан.
Эки жаран тең чегарачылар тарабынан кармалды. Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин кармалгандарды укук коргоо кызматтарына өткөрүп беришти.