Мезгил
Бишкекте дем алыш күндөрү аба-ырайы кескин өзгөрөт. Бул тууралуу синоптиктер эскертишти.
Маалыматка ылайык, 19-февралга чейин күн ысык болот, бирок 20-февралдан тартып кайрадан кар жаап, суук кайтып келет.
Бейшемби жана жумада күндүз термометр мамычалары +20…22 градусту көрсөтөт.
Түнкүсүн +10…12ге чейин жогорулайт. Ал эми ишембиде абанын температурасы кескин төмөндөп, карга айланган жаан жаап, катуу шамал болот.