Шашылыш билдирүү! Туруксуз аба ырайы күтүлөт

Мезгил

24-25-ноябрь күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнин маалымат кызматы билдирди.  

Маалым болгондой, 24-ноябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

25-ноябрда көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге

Мындай туруксуз аба ырайы энергетика, коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат.

Тоолуу райондордогу унаа жолдор тайгак, тоңголок болуп, кар күрткүсү пайда болот. Электр зымдарына суу кар жабышат.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *