Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга келет

Мезгил

Сентябрь айында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Андагы маалыматка таянсак Өзбекстандын өлкө башчысы 3-сентябрь күнү Чолпон-Ата шаарында өтө турган Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгы саммитине катышат.

 21-июлда Кыргызстандын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев өзбекстандык кесиптеши  Абдулазиз Камилов менен жолугуп, тараптар өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун 2017-жылдын декабрь айында Ташкент шаарына жасаган расмий сапарынында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашкан. 

Ал эми Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кезектеги бешинчи саммити 3-сентябрда Чолпон-Ата шаарында өтө турганы жарыяланган. Бул саммит Кыргызстанда эки жылга кечигип өткөрүлгөн жатат. 2016-жылы түрк саммити Ысык-Көлдө өтө турган болуп жарыяланып, бирок убагында болбой калган эле.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *