Шекер бизнесиндеги көмүскө мафияны өкмөт коргоого алганбы?

   Мезгил

     Күз күрөө келип, кызылча жыйноо эбак башталган. Бирок кашаң аттын кейпин кийген кыргыз өкмөтү быйыл да дыйкандарды жыргаткан жок. Анын чобурдугунан пайдаланган Кайыңдыдагы кант кызылчасын кабыл алуучу завод дыйкандардан кабыл алган кызылча түшүмүнө 40% нак акча менен эсептешип келген болсо, быйыл аны 28% чейин түшүрүп жиберди. Дыйкандар чыгашаларын актай албай жатышат. Ал эми “Кайыңды Кант” ишканасы “Бул убактылуу көрүнүш” деп калп айтып, дыйкандардын ындынын ого бетер өчүрдү. Сезон жүрүп аткан учурда кайдагы убактылуу көрүнүш, эмне дыйкандар кызылча түшүмүнүн жазга чейин сактап, анан шартыңар “убактылуу” жакшырган учурда тапшырыбы деген киши жок. Ошол эле учурда сырттан кум шекер өлкөгө ташылып келип жатат. Эгерде дыйкандардын көйгөйүн азыр чечпесек өлкөнүн айыл-чарбасы жана өндүрүшүнүн приориттеринин бири болгон кум шекер өндүрүүнү жоготуп аларыбыз бышык.

Бул тууралуу ЖК депутаты Бактыбек Райымкулов күйүп-жанып айтып жатты. Өзүнө берилген убакыт чектелип калгандыктан, ортодогу процедуралык микрофонго чейин чуркап чыгып сүйлөдү. Анын үнүн өкмөт өкүлдөрүнө, айыл-чарба министринин залда олтурган өкүлүнө жетти бекен?

Деги эле бул маселеге айыл-чарба минстрлиги эбак эле кам көрүүсү керек эле. Жазында эле ишкананын даярдыгынан кабар алып, дыйкандарга төлөнүүчү накталай акча боюнча иш жүргүзүүсү керек болчу. Эми түшүм жыйноо мезгили келгенде алапайын таппай олтурушат. Былтыр айыл-чарба министри болгон Мурашевге “картөшкө” менен “алма” илдети жабышып, акырында “кара көлөч” кийгизип “төркүнүнө” узатып жибербеди беле? Эмки министр Чодуев деле кызылча менен “кодуланганы” калды окшойт.

Сырттан ташылып келип жаткан шекерлердин сапаты начар, татымы жок. А бизде өндүрүлгөн Кайыңды шекеринин татымы жогору болгон менен дыйкандарга натуралай берилип, кийин алардын колунан арзан сатып алып, пайда көргөн шылуундардын тобу бар. Биздин оюбузча ошол шылуун бизнесмендерди өкмөт өзү “кыршовать” этет окшойт. Анткени кара шекер деген башка өлкөлөрдө өтө баалуу, кымбат да сатылат. А биздикилер дыйкандарга натуралай таратып туруп, кийин алардын айлалары кеткен учурда колдорунан арзан, өз наркынан ылдый баада сатып алып, чет өлкөгө кымбат сатып, пайда табышат. Шекер бизнесиндеги көмүскө мафия өкмөттүн көмөгү менен ушинтип күн көрүп келет.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *