Шерлок Холмс болгон Канат Исаев

   Мезгил

Депутат Канат Исаев Алмазбек Атамбаевди президенттик кол тийбестиктен ажыратуу боюнча депутаттык комиссиянын уюштуруучуларынын бири экендигин билебиз. Комиссия өз кезегинде экс-президентти кол тийбестигинен ажыратты. Эми теминип алган депутат Атамбаевге “Так түбүңө жетемин, тамырыңды үзөмүн” деп чамынып туру. Түбүнө жетет десе туура эмес түшүнүп албаңыз, анын айткан калптарынын түбүнө жетем дейт. Спикер Дастан Жумабеков 119 депутатты жана өзүн “Жай келди, күн да ысып кетти. 70ке 50нү кошсо 130 болуп, мээлер иштебей кыйналып да кеттиңер. Жыл бою иштей берип чарчадыңар. Кагаз жазганда эле менчилеп ката кетире бере турган болдуңар. Болду эми, эс алгыла. Силер да мен да эс алайын” деп тарата бергенине карабастан Төрөбай Зулпукаров экөөсү Маскөөгө учуп кеткен эле.

Экөөсү ал жакта да тынч жатышпаптыр. Отуз-Адырдагы кетмен чапкан өзбектерге чөгөлөбөгүлө деп дем берем деп жатып өзү жөрмөлөп Кыргызстандан качып кеткен Өмүрбек Бабановду издеп таап, чайын ичишиптир. Анын аттын башындай болгон арманын угуп, куса болгондон аккан көз жашын жүз арчы менен сүртүшүп, “Ыйлаба Өмүрбек, сен чоң эле жигит болгонсуң го” деп жооткотушуптур экөөлөп. Солкулдаган Өмүке буйруса жакында Кыргызстанга тай-тайлап болсо да басып барбасам болбой калды дептир.

Атамбаевдин калпын чукуганы көсөө көтөрө барган Шерлок Холмс Канат Исаев орустардын китеп палатасына кирип “Атамбаев деген неме деги силерден канча китеп чыгарды эле? Бизге керек болсо китеп чыгарып миллионер болгонмун деп жүрөт. 1990-жылдарда вагондоп китеп ташыган жайын билип бергиле” деп көзөгүчүн калтырып келиптир. Көрсө Атамбаев алардан 5 эле китеп чыгарган тура.

Ал арада Шерлок Холмска айлана түшкөн Канат Исаев Измирге учуп барат. Атамбаев мактанып жүргөн “Гүлжанлар” компаниясын издеп, анын байлыгынын сары изине чөп сала баштайт. Жик билинбейт. Ыя, Каке жөн-жай барбай бул түрктөрдүн Кыргызстандагы бакан ооз элчиси Кемал Жеңгиз Фыратты Доктор Ватсон кылып ээрчите барсаңыз сапарыңыз жемиштүү болмок беле? Бул элчи Кыргызстанда жөн жүрбөй, дипломатиялык чектен ашып кетип, кыргыздардын башына чай кайнатып келет го, Гүлендин жашырган байлыгын лупа менен издеп. Ошол киши Атамбаевдин Гүлен чал менен чогуу каткан “Гулжанлардагы” кенчин таап бергенге жардам бермек. Эмкиде ошентиңиз макулбу? А болбосо бул кесел 35 миллионго мечит куруп бердик деп догурунуп муфтийдин сакалы менен ойноп жүрөт бул жакта.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *