«ШтрафИнфо KG» уюлдук тиркемеси кайрадан иштебей калды

    Мезгил

«ШтрафИнфо KG» уюлдук тиркемеси кайрадан иштебей калды. Бул тууралуу “Инфоком” мамлекеттик ишканасынан билдиришти. 

Маалым болгондой, бул ирет жүргүзүлүп жаткан техникалык жумуштарга байланыштуу тиркеме иштебей калган.  

 Учурда адистер система коопсуздугунун сертификатын жаңылап жатышат. Андан улам тиркеме кайрадан жүктөлүп жатат.

Жакынкы арада ал авто ээлерге жеткиликтүү болот. Белгилей кетсек, аталган тиркеме буга чейин да иштебей калып кайра оңдоп түзөөдөн соң иштеп баштаган. 

Эске салсак, «ШтрафИнфо KG» тиркемеси жол кыймылынын эрежелерин бузуу үчүн айыптарды текшерүүгө шарт түзөт.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *