Шыкмаматов: Эгер күч органдары элге карата күч колдонсо, анда башка аймактар кошулуп, бийлик алапайын таппай калат

   Мезгил

5-августта Нарындагы  Солтон-Сары кениндеги кытайлык компания менен жергиликтүү элдин ортосунда чыр чыгып, андан 50гө жакын адам жабыркаганы айтылды. Нарын районунун эли кытайлык «Zhong Ji Mining Company» кен иштетүүчү компаниясынын ишин токтотууну талап кылууда. Ал эми бул жаңжалдан улам, Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек  Боронов менен Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Солтон-Сарыга барып, элдер менен жолугушту.  Алардын талаптарын уккан соң, Солтон-Сары кениндеги «Zhong Ji Mining Company» тоо-кен компаниясынын ишмердүүлүгү убактылуу токтотулганын Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов айтты. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмамтов эгерде бийлик элдерди кара күч менен токтотсо, анда башка аймактан да элдер кошулуп бийлик алапайын таппай калат дейт. 

      -Эгерде күч органдары башка аймактарда да ушундай болуп кетпесин деп элге карата кара күч көрсөтсө, анда бул кырдаал чектен чыгып кетет дагы жанагы төрт айылга Нарындын кырк айылы кошулат. Ага башка аймактарда кошулуп бийлик алапайын таппай калышы мүмкүн. Ошондуктан элди күнөөлөбөй ошол жерде миң киши болсо ошонун баарын жоопко тартабы? Андыктан  бул жерде түшүндүрүү иштери менен иштеш керек. Түштөн кийин чатак чыгып кеткенден кийин барбай, эки ай мурун барып, ошол жерге жатып, эл менен иштеш керек болчу-дейт Шыкмаматов.

Ошондой эле ал эгер коомчулук бийликке нааразы болсо, Солтон-Сары болобу, башка көйгөй болобу өрт чыгып кетет деген пикирин кошумчалады. 

-Мисалы бүгүн эртең,  губернатор менен акимди жумуштан алып ушулар күнөөлү деп коет. Бирок экөөнүн колунан эмне келет. Мен муну эки айдан бери эле анализдеп жүрөм. Муну губернатор, аким жергиликтүү  бийлик чечет деп аларга  шылтап коюшкан.  Алардын колунан келбейт. Алар убада гана берип, ошону менен чектелген.  Бул ишти  президенттин, өкмөттүн деңгээлинде тушүндүрүү иштеринде иштеш керек болчу. Эл менен иштеш керек эле.  Мисалы, Бозумчак, Жерүйдү деле так ушинтип казат. Чоң Алайды да дал ушундай технология менен ушундай жардыруу менен казат.  Аларды башкача, бул жерде башкача казып атабы эмне? Ошондуктан опурталдуулук ушунда. Коомдун өзүнүн мыйзамы болот. Коом бийликке нааразы болгондо, Солтон-Сары болобу башка көйгөй болобу өрт чыгып кетет-дейт эл өкүлү.

Булак: Мезгил ньюс 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *