Шыкмаматов: УКМК жетекчиси Опумбаев менен ИИМ министри Жунушалиев элден тизе бүгүп кечирим сурап, отставкага кетиши керек

Мезгил

Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов УКМКнын жетекчиси Орозбек Опумбаев менен Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев элден тизе бүгүп кечирим сурап, отставкага кетиши керектигин айтты.

Силер  элден тизе бүгүп кечирим сурап, отставкага кетишиңер керек. Анткени силер жооп бересиңер. Силер үчүн кызматтан да милдетиңер бийигирээк болуш керек. Анткени 60 жоокерди 200миң кишинин алдына салып бергениңер бул уят да. Силердеыкчам маалымат болуш керек эле. Атамбаев буга чейин “келсеңер ок чыгарам” деп ачык эле айтпады беле. “Селфи” кылып жургөн адамды ыкчам иштеп кармаш керек эле деди депутат.

Ал эми УКМКнын жетекчиси Орозбек Опумбаев депутат Мирлан Жээнчороевдин суроосуна жооп берип жатып отставкага кете тургандыгын билдирди. 

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *