Си Цзиньпин Путинге ыраазычылык билдирди

      Мезгил

Кытай посолу Чжан Ханьхуэй Москвада Россия  лидери Владимир Путинге Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин ыраазычылыгын жеткизди. Бул тууралуу орус басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Си Цзиньпин Путин короноаируска карата колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирген. Буга чейин Путин Си Цзиньпинге Кытай мамлекетиндеги коронавируска байланыштуу  кабатыр болуп жатканын айтып, жардам берүүгө даяр экендигин билдирген.

Посолдун айтымында Си Цзиньпин ушундай кырдаалда колдоо абдан баалуу экендигин айтып, Путиндин анын  дарегине  жөнөткөн колдоосуна ыраазычылык билдирген.

Ошондой эле посолдун айтымында азыр кырдаал абдан татаал экендигин бирок,  Кытай мамлекети  муну колго алаарын билдирген.  

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *