Синоптиктер салкын аба ырайы качан болоорун айтышты

     Мезгил

Бишкекте ушул жуманын акырында күн бир аз салкындайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди. 

 Алардын айтымында, бүгүн шаарда абанын табы +40 градуска чейин жетет.

Эртең термометр мамычасы +36га чейин төмөндөгөнү менен бүрсүгүнтөн тарта кайрадан +37-39га чейин ысыйт.

Мындай аптаптуу аба-ырайы эс алуу күндөрүнө чейин кармалып, ишембиде +35ге түшүп, асманды ала булут каптайт.

Жекшембиде дегеле +31.

Ал көптөн күткөн жаан кийинки жуманын ортолорунда  бир азга жаап өтүшү күтүлүүдө.  

Булак: Мезгил ньюс 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *