Сирия, Ирактан келген КР жарандары реабилитациядан өтүп, мыйзамдын талаптарына ылайык жоопкерчилиги аныкталат

Мезгил

Сирия, Ирак жана ар кандай согуш жүруп жаткан аймактарда жүргөн кыргыз жарандарын кайтарып келүү иштери жүрүп жатат. Өз мекенине келгенде алардын тагдыры кандай болот? Жарандар реабилитациядан өтүп, мыйзамдын талаптарына ылайык жоопкерчиликтери аныкталабы? Бул суроолорго УКМК төмөндөгүдө түшүндүрмө берди.

– Учурда террористик иш-аракеттерге катышкан жарандарды аныктоо иштери жүрүп жатат.  Алардын көбүнүн балдары бар болгондуктан, мекенге кайтарып келүү үчүн ата-энелеринин макулдугу керек. Эреже боюнча текшерүү иш-чаралары аяктагыча атасы же энеси качкындар лагеринде калуусу шарт. Эгер ата-эненин террористтик иш-аракеттерге катыштыгы бар болсо, анда алар ата-энелик укуктан ажыратылат – деп билдирген Улуттук коопсуздук кызматы.

Белгилей кетсек, УКМКнын билдирүүсүндө жарандар мекенге кайтып келгенде реабилитациядан өтүп, мыйзамдын талаптарына ылайык жоопкерчилиги аныкталат.  ал эми кыргызстандыктарды Сирия, Ирак өлкөлөрүнөн кайтарып келүү иш-чарасы президенттин көзөмөлүндө.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *