Мезгил
Көпөлөктөр даамды буту менен татышат.
• Айымдар арсында эң кеңири кездешкен бут кийим өлчөму – 39.
• Кээ бир африкалык урууларда кызыктай жөрөлгө бар: баш кошуунун биринчи түнүндө күйөөсү жубайынын алдыңкы эки тишин уруп сындырат.
• Адам баласы тамактын даамын өзүнүн шилекейи менен аралаштырмайынча сезе албайт.
• Иттер бири биринин көлөмүн көрбөй туруп ырылдаганы аркылуу аныктай алышат.
• Иттин жыт билүүсү адамдыкына салыштырмалуу 1000 эсе күчтүү өрчүгөн.
• Компьютерде иштөө фобиясы “Киберфобия” деп аталат.
• Эң алгачкы домен (Symbolics.com) 1985 жылы катталган, домен бүгүнкү күнгө чейин иштейт.