Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жөнүндө мыйзам артка кайтарылды

Мезгил

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө” мыйзам долбоору каралды.  Мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, ал тармактык комитетке экинчи окуунун режиминде кайра кайтарылды.

 Депутат Исхак Пирматов тармактык комитет Өкмөттүн сунушу боюнча мыйзам долбоорун четке кагуу жөнүндө чечим кабыл алганын билдирди. «Бул жерде кандайдыр бир саясат деле жок, жакшы долбоор. Комитет жыйындарында көп талкуу жүрдү, ар кандай пикирлер айтылды. Өкмөт мыйзам кабыл алынып калса, аны аткарууга эч мүмкүнчүлүк жок экенин билдирди. Алардын айтымында, аны каржылоо булагы табылган эмес. Ал үчүн кеминде 20 млрд сом керек. Азырынча бюджетте анчалык каражат жок», – деди ал.

Депутат Аалы Карашев жакшы долбоор экенин, бирок кемчиликтери да бар экенин белгиледи.

Ал эми депутат Алмамбет Шыкмаматовдун пикиринде, ата-бабалардын арбагын сыйлап, жакшылап издесе каражат табылат, ошондуктан мыйзам долбоорун тармактык комитетке экинчи окуунун режиминде кайра кайтаруу керек. Мындай сунушту бир катар депутаттар колдоду.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *