Сокулукта аялы тамакты жай бышырганы үчүн ага бензин чачып өрттөп жиберген

   Мезгил

Чүй облусунун Сокулук районунда аялын өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 12-февралда Сокулук районунун аймактык ооруканасына 42 жаштагы жергиликтүү тургун (аял киши) күйүк менен түшкөн. Ал кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, кийинки күнү каза болгон.

Сокулук РИИБдин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектелип, маркум аялдын 46 жаштагы М.А. аттуу күйөөсү кармалды. Ал жаран Жазык кодексинин 130-беренесинде (адам өлтүрүү) көрсөтүлгөн кылмышка шектелип жатат.

Алдын ала маалыматтарга караганда, окуя болгон күнү шектүү үйүнө мас абалда барган. Ал аялынан тамак бышырууну суранган. Шектүү аялынан тамакты тез бышыр деп талап кылып, ага күйүүчү май чачкан. Андан кийин тамакты жаратылыш газдын үстүнө кой деп талап кылып, газды күйгүзгөн. Газ күйгөндө аялы күйүк алып, ооруканага жеткирилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *