Солтон-Сары боюнча депутаттар кезексиз жыйынга чогулабы?

Мезгил

Солтон-Сарыдагы чырдан улам, Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева социалдык баракчасы аркылуу парламентти кезексиз жыйынга чогулууга чакырды.

Урматтуу төрага, кесиптештер, элдин айласын кетиртпей, чогулуп, маселелерди талкуулайлы. Солтон-Сарыда милиция элди коргош керек эле, тескерисинче болуп жатат. Жыйынга өкмөт башчы менен президентти чакыралы” – деп жазды депутат айым.

Чындыгында эл толкуп турганда, Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулуп, чогулган элдин таламын талашып, карапайым калктын көйгөйүн чечүүсү зарыл.

Эске салсак, 5-августта Солтон-Сарыда кен казган кытай компаниясына жергиликтүү тургундар барып, компаниянын кызматкерлерин чыгып кетүүсүн талап кылышкан. Чогулгандар компанияга барганда ортодо пикир келишпестик орун алып, жергиликтүү тургундар менен кытайлык жумушчулар бири-бирине карата таш ыргыткан. Чогулгандар талабы аткарылмайынча Солтон-Сарыда болуп, тынчтык митингин уланта турганын айтышты.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *