Солтон-Сары чырынан улам эл Бишкек-Торугарт жолун жабууга камынышууда

Мезгил.

Солтон-Сарыдагы кен казган компаниягы нааразы болгон эл дале тынчый элек. Алар,  бүгун 7-августта Кара-Чий айылында Бишкек – Нарын – Торугарт жолун тосууга камынышууда. Бул тууралуу Нарын облусунун өкүлчүлүгү билдирди.

Учурда аталган аймакта боз үйлөр тигилип жатат. Ал эми элдин коопсуздугун милиция кызматкерлери көзөмөлдөөдө.

Эске салсак, 5-август күнү Zhong Ji Mining компаниясынын кызматкерлери менен жергиликтүү тургундардын ортосунда жаңжал чыгып, бири-бирине таш ыргытышкан. Натыйжада жаңжалдан жабыркагандардын саны 40ка жетип, 6-августта чыр чыккан аймакка биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиев жана башка бийлик өкүлдөрү барышкан.

Жолугушууда эл бийликке талап коюп, премьер жана спикер келип, чыр-чатакты жеринен көрүп, элдин талабына ылайык жаңжалды чечүүсүн талап кылышкан.  

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *