Солтон-Сары кенин иштетүүчү компания малы кырылган жергиликтүү элге жөлөк пул төлөмөй болду

   Мезгил

Солтон-Сары кенин иштетүүчү компания малы кырылган жергиликтүү элге жөлөк пул төлөйт. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитети билдиргендей, эми кытай компаниясы жардыруу иштеринин графигин өзгөртүп, жаңы система боюнча иш жүргүзөт.

Маалыматка ылайык,  кытайлык компания, ошондой эле, жардыруу жумуштарын жумасына 2-3 жолу гана аткарып, экологияга дагы коопсуздукту күчөтөт.

Эске салсак, Нарын облусундагы Солтон-Сары алтын кенин иштетүүдөн мал кырылып жатканына жашоочулар даттанган.

Алар жумуштарды токтотууну талап кылышкан болчу. Өз кезегинде, Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясынын башчысы Калысбек Жумаканов, анализдер жер кыртышында жана агын сууларда уулуу заттар жок экенин аныктады деп ишендирген.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *