Солтон-Сары. Медициналык жардамга кайрылгандардын саны 40ка жакындады

   Мезгил

Солтон-Сары алтын кенинде медициналык жардамга кайрылгандардын саны 40ка жакындады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык,   алардын ичинен Нарын облусунун бириккен ооруканасына 20 киши келип түшсө, Бишкек шаарындагы травматология жана ортопедия илимий-иликтөө борборуна 19 киши кайрылды.

Алардын арасында кытайлык компаниянын жумушчулары жана жергиликтүү жашоочу бар. Айрымдарынын баш мээси чайкалганы аныкталып, алар ооруканага жаткырылды.

Ал эми Бишкек шаарындагы ооруканага кайрылгандарга учурда диагностика жүргүзүлүүдө. Солтон-Сары жайлоосунда Тез жардам кызматынын 3 тайпасы нөөмөттө турат.

Эске салсак, кечээ, 5-августта Нарындын Солтон-Сары кениндеги кытайлык компания менен жергиликтүү элдин ортосунда чыр чыгып, андан  отуздан ашык киши жаракат алганы айтылды.

Ал эми бул жаңжал боюнча биринчи вице-премьер-министр Боронов менен Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Нарын облусуна жөнөп кетишти. 

 

 

 

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *