Солтон-Сарыдагы жаңжал Аманбай Кайыповду ээрден шыпырабы?

Мезгил

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов кызматынан алынаары тууралуу кептер тарады.  Анын кызматтан алынышы Солтон-Сарыдагы чырга байланыштуу болушу ыктымал. Кайыповго карата буга чейин дагы бир катар сындар айтылып келген.  Кечээ, 5-августта Солтон-Сарыдагы кен чыккан жерге Нарын районунун айылдарынан миңдеген адамдар чогулуп кен чыккан жердеги кытай ишканасынын ишмердүүлүгүн токтотуу талабын коюшкан.

  Ал эми  бүгүн дагы Солтон-Сары кенинде 700-800дөй адам чогулуп,  алар кен казган кытай компаниясынын кызматкерлеринин чыгып кетүүсүн талап кылышууда.

Ошондой эле азыркы Нарын районунун акимин, өкмөттүн ыйгарым укутуу өкүлүн кызматтан алуу талабын коюшту.

 Белгилей кетсек, Аманбай Кайыпов 2013-жылы декабрь айында  Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.

 Эске салсак, кечээ, 5-августта Нарындын Солтон-Сары кениндеги кытайлык компания менен жергиликтүү элдин ортосунда чыр чыгып, андан  отуздан ашык киши жаракат алганы айтылды. Бул жаңжал боюнча биринчи вице-премьер-министр Боронов менен Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Нарын облусуна жөнөп кетишти.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *