Сооронбай Жээнбеков: Атамбаев тергөөгө күбө катары чакырылып келсе, эми ал оор кылмышка шектүү катары чакырылат

Мезгил

Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынына Өлкөнүн президенти Сооронбай Жээнбеков келип баяндама жасады.

– Кэчээ Атамбаевди үйүнөн алып чыга албай коюшту. “Бийлик алсыздыгын көрсөттү” деген ачуу сындарга карабай кошумча күчтөрдү жөнөткөн жокпуз. Кырдаалды мындан ары курчутпаганга аракет кылдык. Атамбаев куралдуу күчтөрдү колдонгонуна карабай, окуянын аягына чейин курал колдонулган жок. “Кан төгулбөсүн” деп желим ок колдондук. Бийликтин кадыр-баркы төгүлсө дагы, мекендештердин кадыр-баркы төгүлбөсүн дедик. Бул боюнча кылмыш иши козголду, күнөөлүүлөр өз жазасын алышат. Кечээкиге чейин Атамбаев тергөөгө күбө катары чакырылып келсе, эми ал оор кылмышка шектүү катары чакырылат. Өлкөдө тынчтыкты, коопсуздукту сактоого бардык иш чаралар аткарылып, ыкчам чаралар көрүлөт. Бүгүн Коопсуздук кеңеште кезексиз жыйын өткөрүп, кечээ 7-августтагы Кой-Таштагы абал боюнча чечим кабыл алынды.  УКМКнын төрагасы Опумбаев кызматтан кетүүнү суранды. Бирок “Мындай кырдаалда кызматтан кетип калуу оңой. Өлкөбүздүн коопсуздугу абдан маанилүү” экенин айттым –деди Жээнбеков.

Ошондой эле президент айрым күчтөр бул поцессти “Атамбаев менен Жээнбековдун жеке тиреши” деп жатышат. Бул эки адамдын тиреши эмес, бул коррупциянын тиреши, бардык кылмыштуу иштерди ачууга, мыйзам чегинде соттук процесстердин адилеттигин камсыз кылууга каршы жасалып жаткан күрөш экенин билдирди.

– Бул мыйзамдуулук менен өзүм билемдиктин, өз кызыкчылыгын мамлекеттен өйдө коюунун тиреши. Тилекке каршы мамлекетте аттуу-баштуу адамдар камакка алынган учурлар болгон. Баары мыйзамга баш ийип келишкен – дейт өлкө башчы.

Эске салсак, 7-августта кечке маал Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзүлдү. Анда ок атылып, жай тургундар менен атайын даярдыктагы аскерлер жаракат алган. Алардын 22си УКМК кызматкери, 2 ИИМдин кызматкери, 23 жай тургун жаракат алды. Атайын кызматтын бир аскери каза болду.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин берген акыркы маалыматы боюнча, ооруканада жаткандардын саны 52ге жетти.

Мезгил Ньюс

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *