Сооронбай Жээнбеков: Биздин келечегибиз, биздин бактыбыз — Кыргызстандын көз карандысыздыгында, элибиздин ынтымагында!

Мезгил. 

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 25-сентябрда АКШнын Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында сөз сүйлөдү.
“Дүйнө жүзүндөгү глобалдык саясий, экономикалык жана экологиялык кырдаал тез өзгөрүүдө. Дүйнөлүк саясатта регионализм тенденциясы күч алууда. Баалардын өсүшү, өтүмдүүлүктүн жетишсиздиги жана экономикадагы санкциялар «согушу» уланууда. Терроризм жана экстремизм коркунучу бардык өлкөлөрдү кучагына алды. Экологиялык тең салмактуулукту сактоо бүт планетанын глобалдык милдетине айланды. Бул проблемалардын кайдан келип чыккандыгына карабастан, алар баарына, өзгөчө ачык экономикалуу чакан мамлекеттерге тийиштүү болуп калды. Кыргызстан үчүн бул процесстер сезилерлик болду.
Ошондуктан бүгүн Бириккен Улуттар Уюмунун бардык адамдар үчүн актуалдуулугун, ошондой эле глобалдык лидерлик жана тынч, адилеттүү жана туруктуу коомдор үчүн биргелешкен жоопкерчиликти Башкы Ассамблеянын аянтчасында талкуулоо абдан өз убагында өтүүдө деп эсептейм. БУУнун бийик трибунасынан пайдаланып, биздин өлкөнүн позициясынан актуалдуу деп эсептелген улуттук, регионалдык жана глобалдык деңгээлдеги маселелерди белгилеп кетейин.
2017-жылы бийликти тынч жол менен өткөрүп берүү Кыргызстандын демократиялык өнүгүү жолунда илгери адымдоосуна бекем негиз салды. Азыркы кезде Кыргызстанда саясий жана социалдык туруктуулук бар. Бул орто мөөнөттүк болочокко карай алдыбызга амбициялуу максаттарды коюуга мүмкүнчүлүк берүүдө.
Кыргызстан өлкөдө парламенттик демократияны өнүктүрүүнү көздөйт. 2020-жылы боло турган парламенттик шайлоо муну дагы бир ирет ырастайт. Парламенттик демократия биздин коомдун табиятына шайкеш келерине биз терең ишенебиз.
Биринчи кезекте биз сот-укуктук реформаны ишке ашырууну жана күч структураларын кайра уюштурууну көздөйбүз. Региондорду өнүктүрүү — Кыргызстандын ийгиликтүү өнүгүшүнүн кепили жана өлкөбүз үчүн эң актуалдуу маселе боюнча калууда. Ошондой эле биз өлкөдө инвестициялык жагымдуу кырдаалды түзүү милдетин коюп, маалыматтык коом, адилеттүү жана ачык мамлекеттик башкарууну калыптандырууга кириштик. Кыргызстан мамлекетти өнүктүрүүдөгү демократиялык принциптерди ырааттуу түрдө бекемдөө ишин улантат. Мамлекеттик башкаруу ар бир адамдын муктаждыктарына, анын укуктарын, эркиндигин жана коомдогу адилеттүүлүктү камсыз кылууга багытталган. Жогоруда айтылган бардык орто мөөнөттүк реформалар Кыргызстанды 2040-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына киргизилген.
Узак мөөнөттүү өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын жоболору БУУ-2030 Глобалдык Күн тартибинин бардык талаптарына жооп берет. Ушуга байланыштуу биз Кыргызстандын өнүгүү үчүн аракеттерин БУУ жана өнөктөш өлкөлөр мындан ары да колдойт деп үмүттөнөбүз. Кыргызстан БУУнун Туруктуу Өнүгүү Максаттарынын жактоочусу бойдон калат”, – деди Сооронбай Жээнбеков.
Мамлекет башчы сөзүн андан ары улай, БУУнун төрайымына мындайча кайрылды:
“Урматтуу төрайым!
Бир дагы өлкө терроризм жана экстремизм коркунучтарынан толук камсыздандырылган эмес.
Эл аралык коомчулук бул терс көрүнүштөр менен жана баңги заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшү, адамдарды жана курал-жарактарды сатуу, арам жол менен табылган акчаларды адалдоо жана терроризмди каржылоо сыяктуу көрүнүштөргө каршы биргелешкен күч-аракеттер менен активдүүрөөк күрөшүүсү зарыл. Бул наркотрафиктин огунда жайгашкан биздин өлкө үчүн өтө маанилүү.
Тилекке каршы, бул жаатта эл аралык коомчулук көрүп жаткан чаралар жетишсиз бойдон калууда.
Региондун жалпы бул проблемасын чечүүгө өзгөчө көңүл бурулууга тийиш. Кыргызстан БУУнун Глобалдуу контртеррористтик стратегиясын натыйжалуу ишке ашырууга берилгендигин ырастайт жана Биргелешкен аракеттенүү планды колдойт. Коопсуздукту камсыз кылуу, кызматташууну бекемдөө жана ыкчам маалыматтар менен алмашуу маселелеринде региондогу мамлекеттердин күч аракетин координациялоо зарыл. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2022-жылга чейин экстремизмге жана терроризмге каршы туруу боюнча Программасын бекиткен.
Бириккен Улуттар Уюмуна Борбор Азия өлкөлөрүнө терроризмге жана наркотрафикке каршы күрөштө көрсөткөн финансылык жардамы үчүн ыраазычылык билдирем жана коопсуздукту камсыз кылуу маселелеринде өнөктөштөрдүн мындан аркы дагы колдоосуна үмүттөнөбүз. Туруктуу өнүгүүгө өтүү — табыгий экосистемаларды жана айлана чөйрөнү калыбына келтирүү.
Экология чөйрөсүндө регионалдык мүнөздөгү негизги тема — совет доорундагы радиоактивдүү өнөр жайынын мурасы — уран калдыктары.
Бул проблеманы чечүү үчүн Кыргызстан бир катар эл аралык конференцияларды өткөрдү. 27-сентябрда биз уран иштетүү ишмердигинин коркунучтарына арналган иш чара өткөргөнү жатабыз. Уран калдыктарын рекультивациялоо боюнча аракеттердин жаңы этабына чыгуу максатында Кыргызстан 2013-жылдагы БУУнун Башкы Ассамблеясынын «Борбордук Азияда радиациялык коркунучту болтурбоодо эл аралык коомчулуктун ролу» Резолюциясын жаңылоо демилгеси менен чыгат. Жагдайдан пайдаланып, өлкөбүзгө бул проблемаларды чечүүдө олуттуу колдоо көрсөтүп жаткандыгы үчүн өнүгүү боюнча өнөктөштөрүбүзгө ыраазычылык билдиргим келет. Жогоруда белгиленген проблемалар бардык мамлекеттердин жана глобалдык, регионалдык институттардын биргелешкен аракетин талап кылат”, – деди мамлекет башчы.
Сооронбай Жээнбеков “Кыргызстан БУУну кадыр-барктуу жана универсалдуу эл аралык уюм катары эсептээрин” белгиледи.
“Эгемендикти эң бийик дөөлөт катары аздектеп, эркиндикти көздүн карегиндей сактаган элибиз дүйнөлүк коомчулукта татыктуу ордун тапты. Кыргызстаныбыз эл аралык аренада эгемен мамлекет катары таанылды. Кыргыз элинин улуу жазуучусу, гуманист Чыңгыз Айтматов «Адамга биримдикте жашоодон өткөн дөөлөт жок», — деп айткан. Анткени, дүйнөнү биримдик, ынтымак гана сактап калат! Өлкөбүздүн өнүгүүсүнүн негизги кепилдиги — элибиздин биримдигинде. Коомдогу улуттар аралык достук, ар бир жарандын өлкөнүн тагдырына жооптуу мамилеси ийгиликтин негизи болот. Биздин келечегибиз, биздин бактыбыз — Кыргызстандын көз карандысыздыгында, элибиздин ынтымагында! Жаратканым Кыргызстаныбызга, элибизге, жерибизге, мээримин төгүп, жерибизде ар дайым тынчтык болсун!” – деп сөзүн жыйынтыктады өлкө башчы.
Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *