Сооронбай Жээнбеков Душанбе шаарына учуп кетти

Мезгил. 

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-сентябрда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Тажикстандын Душанбе шаарына учуп кетти.

Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Мамлекет башчысы саммитке катышуунун алкагында эки тараптуу бир катар жолугушуу өткөрөөрү болжолдонууда.

Эске салсак, Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн эртең менен Нью-Йорктон Бишкекке кайтып келген. 24-26-сентябрда Мамлекет башчысы Нью-Йоркто иш визити менен болуп, БУУнун Башкы ассамблеясынын 73-сессиясынын жалпы дебаттарына катышкан.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *