Сооронбай Жээнбеков: Мамлекеттик структура болобу, бейөкмөт уюм болобу, өлкөнүн жана элдин жашоосун жакшыртууга умтулушу керек

Мезгил

Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштө жарандык коом негизги өнөктөш болушун каалайт. Бул тууралуу президент бүгүн, 19-июлда жарандык сектордун өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда билдирди.

Өлкө башчысы бул күрөш көп өнөктүктүн бири болбосун, токтобостон аягына чыгарыларын, системалык негизде жүргүзүлөрүн айтты. Ал эми сот системасын реформалоодо дагы жарандык коомдун жардамы керек экенин баса белгиледи.

Коррупцияга каршы күрөш системалуу негизде жүргүзүлөт. Бул оңой иш эмес. Бирок, биз муну аягына чыгарабыз. Бирок бул нерсени мамлекеттик органдардын күчү менен гана ийгиликтүү ишке ашыруу кыйын. Ошондуктан жарандык активисттер коррупцияга каршы күрөштө негизги өнөктөш болушу керек. Бардыгыбыз бирдиктүү иштешибиз керек. Сот системасын реформалоодо дагы жарандык коомдун жардамы керек,- деди Жээнбеков.

Ошондой эле мамлекет башчысы   өлкөнүн өнүгүшү үчүн баардык уюмдар бирдей аракет кылышы зарылдыгын кошумчалады.

-Мамлекеттик структура болобу, бейөкмөт уюм болобу, өлкөнүн жана элдин жашоосун жакшыртууга умтулушу керек. Силерди жогорку интеллектуалдык дарамети бар, мамлекеттин келечегине бейкапар карабаган, адамдар катары билем,- деди өлкө башчысы

 Өлкө башчысы өз сөзүндө жарандар тарабынан көтөрүлүп жаткан социалдык долбоорлорду алдыга жылдыруу зарылдыгын белгиледи.

-Биз жарандык сектор менен иштешүүгө, өнөктөш болууга даярбыз, конструктивдүү идеяларга жана сынга ачыкпыз,  деди Сооронбай Жээнбеков 

Бүгүн жарандык сектордун өкүлдөрү менен  өлкө башчысы жолугушуу өткөрүп жатат. Мамлекет башчысы менен жолугушууга өкмөттүк эмес 40 уюмдун өкүлдөрү жана коомдук активисттер чакырылган. Диалогдун алкагында мамлекеттин турмушуна жана мамлекеттик органдар менен жарандык сектордун ортосундагы өз ара аракеттенүүгө тиешелүү маселелер боюнча пикир алмашуу болот.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *