Президент Сооронбай Жээнбеков: Менде саясий эрк бар

Мезгил

“Менде саясий эрк бар” бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков  Жогорку Кеңештин жыйныныда айтты. 

 -Менде саясий эрк бар.  2019-жылы көптөгөн тоскоолдуктарга карабастан, сот реформасын баштадык. Акча каражаты да бюджеттен жетишерлик денгээлде бөлүнүүдө. Бирок, эки жылдык турмуш көрсөткөндөй, каржылоо, санариптен тышкары — абийир соту орномоюн, сот системасы тазаланбайт.

Соттордун адамдык абийири, ички ыйманы ойгонбосо, сот реформасы ийгиликке жетишпейт. Ансыз канча каражат жумшабайлы, ийгиликке жетпейт. Эрк бар, каражат бар.

Сот реформасын техникалык, каржылык жактан жетиштүү деңгээлде жүргүзүп жатабыз. Анын ийгилиги соттордун өзүнө көз каранды. Алардын абийир сотуна көз каранды. Коррупцияга каршы күрөштү улантып жатабыз-деди өлкө башчы.

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *