Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон телефон аркылуу сүйлөштү

  Мезгил

 Кечээ, 27-июнда,  Президент  Сооронбай Жээнбеков Тажикстан Президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Сооронбай Жээнбеков Эмомали Рахмонду жана  жалпы Тажикстандын элин Улуттук биримдик күнү менен куттуктап, тынчтык, бакубатчылык жана өсүп-өнүгүү каалады.

Мамлекет башчылары ошондой эле эки тараптуу кыргыз-тажик кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашып, кыргыз-тажик мамлекеттик чек араны делимитация жана демаркациялоо процессин тездетүү макулдашуусуна жетишишти.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *