Сооронбай Жээнбеков Нарынга иш сапары менен барат

Мезгил

Бүгүн, 21-августта президент Сооронбай Жээнбеков Нарын облусуна иш сапары менен барат.

Өлкө башчынын эки күндүк иш сапарында Теңиртоону аралап, бир катар социалдык обьектилердин абалы менен таанышат. Ошондой эле Нарын шаарында ачылган сүттү кайра иштетүүчү заводдун расмий ачылышына катышып, суу чарба ишканасынын жаңы курулган имаратына баш багат.

Мындан сырткары, Ак-Талаа районунун активдери менен жолугаары белгилүү болду.

Ал эми бул туурасында социалдык колдонуучулар “Ак-Талаа районунун жолун аралап, Солтон-Сарыдагы көйгөйлөрдү өз көзү менен көрүп, маселерди өзү чечсе болмок, Бишкек-Торугарт жолун, Ак-Сай өрөөнүндөгү көйгөйлөрдү, Ат-Башы өрөөнүндөгү Элдик Курултайга катышса болмок” деген пикирлерин жазышууда.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *